• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ӨКМ: 25-31-март аралыгында тоолуу унаа жолдордо кар көчкү түшүү коркунучу сакталат

Коом 0

Бишкек, 25-март /Кабар/. 2016-жылдын 25-мартынан 31-мартына чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга, ошондой эле абанын температурасынын жогорлашынын негизинде метеорологиялык курч кырдаалга байланыштуу бийик тоолу автоунаа жолдордо: Бишкек-Ош авто унаа жолдорунун (Төө-Ашуу ашуусу) 121-138 чакырымдары, (Ала-Бел ашуусу) 198-265 чакырымдары, (Көк-Бел ашуусу) 351-365 чакырымдары , Арал-Суусамыр унаа жолуна 8-21-чакырымдары, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу авто унаа жолундагы 65-110 чакырымдары, Ош-Кичи-Алай унаа жолу,Ала-Бука-Каныш-Кыя авто унаа жолунун 65-97 чакырымдары, Красная-Горка-Ак-Таш авто унаа жолунун 1-9 чакырымдары, Казарман-Актал-Чат авто унаа жолунун (Кара-Көө ашуусу) 18-94 чакырымдарындагы, Бишкек-Нарын-Торугарт авто унаа жолунун (Долон ашуусу) 289-297-298 чакырымдары, Арал-Миң-Куш авто унаа жолунун 1-10 чакырымдары, Каракол-Эңилчек авто унаа жолунун (Чоң-Ашуу ашуусу) 45-92 чакырымдары, Барскоон-Ак-Шыйрак авто унаа жолунун Барскоон жана Сөөк ашуусунда (60-68 чакырымдары) жайгашкан аймактарда кар көчкү түшүү коркунучу чыңалууда. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Азыркы күндө кардын бийиктиги нормадан жогору болгондугуна байланыштуу, аталган аймактардан тышкары бийик тоолуу райондордогу жашоочуларды мал чарбачылык иштеринде, мергенчилик кылууда, ошондой эле тоого чыгып эс алуучуларды (лыжа тебүүдө) кар көчкү коркунучу өтө коопту болгондуктан, коопсуздук эрежелерин сактоону эскертебиз.

Пикир

Оставить комментарий