• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ӨКМ: 4-7-январда Бишкек-Ош жолунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт, жол тайгак болот

Коом 0

Бишкек, 31.12.18 /Кабар/. Кыргызстандагы тоолуу жолдордо 2019-жылдын 4-январынан 7-январына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-138 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Ушундай абал Ала-Бука – Каныш-Кыя жолунун 68-99 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная Горка – Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4 чакырымдарында жана Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу автожолунун 65-90, 95-130 чакырымдарында күтүлөт.

Ошондой жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир

Оставить комментарий