• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

ӨКМ: 5 ай ичинде өрттүн саны 30,6 пайызга азайган

Коом 0

Бишкек, 05.06.20. /Кабар/. 2020-жылдын 5 ай ичинде республика боюнча 828 өрт кырсыгы катталып (2019-жылы 1193), өткөн жылга салыштырмалуу өрттүн саны 30,6%га азайган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 5 ай аралыгында өрттүн кесепетинен 8 адам каза таап (2019-жылы 26 адам) жана 12 адам жабыркаган (2019-жылы 33). Өрттөн 21 адам куткарылган. 529 өрт турак жай секторунда катталып, өрттүн жалпы санынын 63,9 % түзгөн.

Өрттөрдүн негизги себептери:

  • электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздыктан -43,1%;
  • мештерди жана морлорду этиятсыздык колдонууда – 15,7%;
  • отко этиятсыздык менен мамиле кылуу – 14,6%;
  • балдардын от менен ойноосунан – 4,8%, өрт кырсыгы болду.

Болуп өткөн өрттөрдүн саны төмөндөгүчө бөлүнөт:

  • Бишкек шаарында 141;
  • Чүй облусунда 215;
  • Ош облусунда 111;
  • Жалал-Абад облусунда 102;
  • Ысык-Көл облусунда 103;
  • Нарын облусунда 40;
  • Талас облусунда 38;
  • Ош шаарында 23;
  • Баткен облусунда 55 өрт катталган.

Өрттүн чыгышынын алдын алуу үчүн өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо зарыл:

  • бузук электр орнотмолорун (розеткаларды, вилкаларын, өчүргүчтөрдү) колдонбогула;
  • күйүүчү материалдарды чатырда, жер төлөдө жана тепкичтердеги аянтчаларда сактабагыла;
  • балдарды кароосуз калтырбагыла;
  • күйүп турган тиричилик электр буюмдарын, радио, телеаппаратураларын, газ плиталарын кароосуз таштабагыла;
  • электр жылыткычтарын күйүүчү буюмдарга жакын орнотпогула.
  • тамекинин калдыктарын жана ширеңкелерди таштабагыла;

“Өрт коопсуздугунун көрсөтүлгөн пункттарын сактагыла, муну менен Сиз өзүңүздүн турак жайыңызды, мүлкүңүздү сактоо менен өрт учурунда адамдардын жаракат алуусунун жана каза болуусунун алдын аласыз”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий