• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ӨКМ: 7 ай ичинде өрттүн саны 39,7 пайызга азайган

Кырсык 0

Бишкек, 03.08.20. /Кабар/. 2020-жылдын 7 ай ичинде республика боюнча 1236 өрт кырсыгы катталып (2019-жылы 2051), өткөн жылга салыштырмалуу өрттүн саны 39,7 пайызга азайган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өрттүн кесепетинен 10 адам каза таап (2019-жылы 31 адам), жана 16 адам жабыркаган (2019-жылы 41). Өрттөн 24 адам куткарылган. 763 өрт турак жай секторунда катталып, өрттүн жалпы санынын 61,7 % түзгөн.

Өрттөрдүн негизги себептери:

  • электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздыктан - 42,2%;
  • мештерди жана морлорду этиятсыздык колдонууда – 10,9%;
  • отко этиятсыздык менен мамиле кылуу – 19,1%;
  • балдардын от менен ойноосунан – 5,6 %, өрт кырсыгы болду.

Болуп өткөн өрттөрдүн саны төмөндөгүчө бөлүнөт:

  • Бишкек шаарында 207;
  • Чүй облусунда 334;
  • Ош облусунда 150;
  • Жалал-Абад облусунда 164;
  • Ысык-Көл облусунда 137;
  • Нарын облусунда 47;
  • Талас облусунда 64;
  • Ош шаарында 39;
  • Баткен облусунда 94 өрт катталган.

Өрттүн чыгышынын алдын алуу үчүн өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо зарыл:

  • бузук электр орнотмолорун (розеткаларды, вилкаларын, өчүргүчтөрдү) колдонбогула;
  • күйүүчү материалдарды чатырда, жер төлөдө жана тепкичтердеги аянтчаларда сактабагыла;
  • балдарды кароосуз калтырбагыла;
  • күйүп турган тиричилик электр буюмдарын, радио, телеаппаратураларын, газ плиталарын кароосуз таштабагыла;
  • электр жылыткычтарын күйүүчү буюмдарга жакын орнотпогула.
  • тамекинин калдыктарын жана ширеңкелерди таштабагыла;

Өрт коопсуздугунун көрсөтүлгөн пункттарын сактагыла, муну менен Сиз өзүңүздүн турак жайыңызды, мүлкүңүздү сактоо менен өрт учурунда адамдардын жаракат алуусунун жана материалдык чыгымдардын алдын аласыз”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий