• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ӨКМ: 8 ай ичинде өрттүн саны 46,2 пайызга азайып, тилсиз жоодон 24 адам куткарылган

Кырсык 0

Бишкек, 02.09.20. /Кабар/. Өлкөдө 8 ай ичинде өрттүн саны 46,2 пайызга азайып, тилсиз жоодон 24 адам куткарылган. Бул тууралуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) Өрттү өчүрүү жана алдын алуу башкармалыгы маалымдады.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 8 ай ичинде республика боюнча 1477 өрт кырсыгы катталып (2019-жылы 2747), өткөн жылга салыштырмалуу өрттүн саны 46,2% азайган. Өрттүн кесепетинен 14 адам каза таап (2019-жылы 33 адам) жана 19 адам жабыркаган (2019-жылы 46). Тилсиз жоодон 24 адам куткарылып, 2 млрд 441 млн 300 миң сомдук материалдык баалуулуктар сакталган. 913 өрт турак жай секторунда катталып, өрттүн жалпы санынын 61,8 %ын түзгөн.

Өрттөрдүн негизги себептери төмөнкүлөр:

  • электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздыктан - 41,4%;
  • мештерди жана морлорду этиятсыздык колдонууда – 9,5%;
  • отко этиятсыздык менен мамиле кылуу – 20,4%;
  • балдардын от менен ойноосуунан – 6,1%, өрт кырсыгы болду.

Болуп өткөн өрттөрдүн саны төмөндөгүчө бөлүнөт:

  • Бишкек шаарында – 244 өрт;
  • Чүй облусунда - 396;
  • Ош облусунда - 202;
  • Жалал-Абад облусунда - 202;
  • Ысык-Көл облусунда - 151;
  • Нарын облусунда - 55;
  • Талас облусунда - 73;
  • Ош шаарында - 50;
  • Баткен облусунда 104 өрт катталган.

Өрттүн чыгышынын алдын алуу үчүн өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо зарыл:

  • бузук электр орнотмолорун (розеткаларды, вилкаларын, өчүргүчтөрдү) колдонбогула;
  • күйүүчү материалдарды чатырда, жер төлөдө жана тепкичтердеги аянтчаларда сактабагыла;
  • балдарды кароосуз калтырбагыла;
  • күйүп турган тиричилик электр буюмдарын, радио, телеаппаратураларын, газ плиталарын кароосуз таштабагыла;
  • электр жылыткычтарын күйүүчү буюмдарга жакын орнотпогула.
  • тамекинин калдыктарын жана ширеңкелерди таштабагыла;

“Өрт коопсуздугунун көрсөтүлгөн пункттарын сактагыла, муну менен Сиз өзүнүздүн турак жайынызды, мүлкүңүздү сактоо менен өрт учурунда адамдардын жаракат алуусунун жана каза болуусунун алдын аласыз”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий