• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ӨКМ: 9 ай ичинде 154 адам куткарылды

Кырсык 0

Бишкек, 27.10.20. /Кабар/. Өрт-куткаруу кызматтары тарабынан 2020-жылдын 9 айында жалпысынан 154 адам куткарылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен жол кырсыгынан – 70, экстремалдык абалда – 40, өрттөн – 43, көлмөлөрдөн - 1 жаран куткарылган.

“Куткаруучулар тарабынан жалпысынан 741 адамга жардам көрсөтүлгөн: анын ичинен 29 адамга дарыгерге чейинки жардам, күтүүсүз жагдайга туш болгон 354 адамга жардам көрсөтүлсө, үйлөрүнүн эшиктери жабылып калган 358 адамга жардам берип, эшиктерин ачып беришкен. Ошондой эле муктаж болгон 3076 жаранга телефон аркылуу кеңеш берилген. Кырдаалдарга чыгуу боюнча: 135 жолу - жол кырсыгына, 2225 - ар түрдүү кырсыктарга, 90 - сууга чөккөндөрдү издөөгө, 1740 жолу - өрт кырсыгына чыгуу катталган", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий