• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ӨКМ аба ырайына байланыштуу чукул билдирүү таратты

Коом 0

Бишкек, 02.07.18. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты. Ага ылайык, үстүбүздөгү жылдын 3-4-июль күндөрү көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо жайгашкан жайлоолордо жаан карга айланышы күтүлөт.

Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарында жана Ош, Бакен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын каттуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 17-22 метрге чейин жетиши күтүлөт.

3-июлда абанын күндүзгү температурасы төмөндөйт: Чүй өрөөнүндө 23…28°, Талас өрөөнүндө 21…26°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 25…30°, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында 20…25°, тоолуу райондордо 13…18°, бийик тоолуу райондордо 3…8° жылуу болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат.

Пикир

Оставить комментарий