• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ӨКМ аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты

Коом 0

Бишкек, 12.02.18. /Кабар/. 12-14-февралга чейин абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-137-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265- чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) жана 355-370- чакырымдарында (Көк-Бел ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

14нөн 18-февралга чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт: 14-февралда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында,Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. 15-16-февралда көпчүлүк аймактарда кар жаап, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде катуу жаашы күтүлөт. 17-18-февралда кээ бир райондо кар жаашы күтүлөт.

Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

16-18-февралдаабанын температурасы төмөндөп: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -7…-12, күндүз -1…-6°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -8…-13°, күндүз -2…-7°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -3…-8°, күндүз 2° сууктан 3° жылуулукка чейин, тоо этектеринде жана Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -8…-13°, күндүз 0…-5°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -18…-23°, күндүз -9…-14°, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -25…-30°, күндүз -11…-16° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Пикир

Оставить комментарий