• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ӨКМ аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты

Коом 0

Бишкек, 18.02.19. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты. Маалыматка ылайык, 2019-жылдын 20-февралынан 22-февралына чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт.

Алсак, 20-февралда күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 21-февралда көпчүлүк аймактарда кар жаап, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Ысык-Көл жана Нарын облустарында кар 21-22-февралдарда күтүлөт.

Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

21-22-февраль күндөрү абанын температурасы төмөндөп: Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -5…-10°, күндүз -1…-6°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -1…-6°, күндүз 0…-5°, тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн -4…-9°, күндүз -2…+3°, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -5…-10°, чыгышында -10…-15°, күндүз 0…-5°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -19…-24°, күндүз -6…-11°, бийик тоолуу райондордо жана Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -30…-35°, күндүз -10…-15° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз суук аба-ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат. Катуу жаан жааган убакта унаа жолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, автоунаалардын кыймылдоосун кыйындатат.

19-23-февралга күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат:

19-февралда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

19-февралда күндүз жана 20-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

20-февралда күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Нарын, Ысык-Көл облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

21-февралда көпчүлүк аймактарда кар жаашы, Чүй, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда катуу кар жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

22-февралда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. 22-февралда күндүз жана 23-февралда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Пикир

Оставить комментарий