• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Шашылыш билдирүү: Тоолуу райондордо кар көчкү түшүү коркунучу сакталат

Коом 0

Бишкек, 15.03.19. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тоолуу райондордо кар көчкү түшүү коркунучу сактала тургандыгын билдирет.

Маалыматка ылайык, 15нен 18-мартка чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-99-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 65-90, 95-130-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү сакталат. Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир

Оставить комментарий