• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ӨКМ аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты

Коом 0

Бишкек, 22.04.19. /Кабар/. 23нөн 25-апрелге чейин туруксуз аба ырайы сакталып турат, - деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

Эртең, 23-апрелде Жалал-Абад облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 24-25-апрелде көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. 25-апрелде түнкүсүн Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, Чүй, Жалал-Абад, Ош облустарынын тоо этектеринде жаан карга айланышы мүмкүн.

Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 24-апрелде кээ бир райондордо шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

26-27-апрель күндөрү түнкүсүн Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде -1…-3° үшүк жүрүшү күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

2019-жылдын 23-27-апрель күндөрү күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан чачынга байланыштуу Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт, тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү ыктымал.

Ошондой эле күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 132-133-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 222-223-чакырымдары жана 246-чакырымында (Чычкан капчыгайы) кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат.

Жолдордун айрым жерлери тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир

Оставить комментарий