• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ӨКМ аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты

Коом 0

Бишкек, 15.03.21. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Ага ылайык, өлкө аймагында бүгүн, 15-мартта туруксуз аба ырайы күтүлөт. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо туман түшүшү күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

15-16-март күндөрү абанын температурасы төмөндөп, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10° суук, күндүз 0…-5 градус суук, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -6…-11° суук, күндүз 0…-5° суук болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз 0…5 градус жылуу, 15-17-марттарда Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -3…-8° суук, күндүз 0…5° жылуу болушу күтүлөт.

Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -6…-11 градус суук, күндүз -3° сууктан …+2° жылуулукка чейин, тоолуу райондордо түнкүсүн -18…-23° суук, күндүз -8…-13 градус суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызмат

Пикир

Оставить комментарий