• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

ӨКМ аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты

Коом 0

Бишкек, 12.03.18. /Кабар/. 2018-жылдын 12нен 13-мартына чейин туруксуз аба ырайына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү мүмкүн,-деп билдирет ӨКМнин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-137-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), 355-370-чакырымдарында (Көк-Бел ашуусу), Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-99-чакырымдарында, Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында, Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 67-94-чакырымдарында (Кара-Көө ашуусу), ошондой эле, Ийри-Суу участкасынын 42-44-чакырымдарында, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 45-90, 145-150-чакырымдарында жана Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-92-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат. Жолдордун айрым жерлери тайгак болуп, муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Ошого байланыштуу, 11нен 13-мартка чейин Бишкек-Ош унаа жолунда унаалардын баардык түрлөрүнө саат 12:00дөн саат 00:00гө чейин Чүй облусунун Жайыл районундагы "Сосновка" постунда, Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы "Арал" постунда жана Талас облусунун Талас районундагы Өтмөк ашуусунда чектөөлөр киргизүү боюнча КРнын Жарандык коргонуунун мекемелер аралык комиссиясынын төрагасы - Премьер-министрдин 2018-жылдын 11-мартындагы №7 буйругу чыккан.

2018-жылдын 11-март күнү Чүй облусунун Жайыл районундагы "Сосновка" постунда саат 13:50дөн, Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы "Арал" постунда саат 12:00дөн жана Талас облусунун Талас районундагы Өтмөк ашуусу саат 16:00дөн тартып унаанын баардык түрлөрүнө убактылуу чектөө киргизилген.

Бүгүн, 12-марттан тарта саат 00:00дө убактылуу коюлган чектөөлөр алынган.

Пикир

Оставить комментарий