• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

ӨКМ аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты

Коом 0

Бишкек, 27.03.18. /Кабар/. 2018-жылдын 27-мартында аба ырайынын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар,-деп билдирет ӨКМнин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-137 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), 355-370 чакырымдарында (Көк-Бел ашуусу), Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-99 чакырымдарында, Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4 чакырымдарында, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 289-чакырымында (Чоң-Көчкү), Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 67-94 чакырымдарында (Кара-Көө ашуусу), ошондой эле Ийри-Суу участкасынын 42-44 чакырымдарында, Арал-Суусамыр унаа жолунун 8-21 чакырымдарында, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 45-90, 145-150 чакырымдарында жана Каракол-Эңилчек унаа жолунун (Чоң-Ашуу ашуусу) 45-92 чакырымдарында кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат. Жолдордун айрым жерлери тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир

Оставить комментарий