• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

ӨКМ аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты

Коом 0

Бишкек, 18.04.18. /Кабар/. ӨКМ кызматы аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты. Ага ылайык, үстүбүздөгү жылдын 18нен 20-апрелине чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт: мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы, күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, тоо этектеринде, тоолуу райондордо жана Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын күндүзгү температурасы төмөндөшү күтүлөт: Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында 7…12° жылуулуктан 10…15° жылуулукка чейин, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 9…14° жылуулуктан 13…18° жылуулукка чейин өзгөрүлүп, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында абанын температурасы 8…13°, тоолуу райондордо 2…7° жылуу, бийик тоолуу райондордо 0…-5° суук болушу күтүлөт. Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Пикир

Оставить комментарий