• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ӨКМ аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты

Коом 0

Бишкек, 21.05.18. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты. Ага ылайык, 22-23-май күндөрү Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

21-23-майларда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен областарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

22нен 26-майга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы: 22-майда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

23-майда Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Чүй, Талас облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

24-майда түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүзү Нарын, Ысык-Көл облустарында жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

25-26-май күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Пикир

Оставить комментарий