• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

ӨКМ аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты

Коом 0

Бишкек, 02.10.17 /Кабар/. ӨКМ шашылыш билдирүү таратты. Маалыматка ылайык, 3-5-октябрда туруксуз аба ырайы күтүлөт. Мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолордо кар жаашы, 4-5-октябрда тоо этектеринде жаан карга айланышы мүмкүн, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетиши күтүлөт.

4-5-октябрда абанын күндүзгү температурасы төмөндөп: Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 9…14°, Чүй, Талас өрөөндөрүндө, Ысык-Көл ойдуңундо жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 6…11° жылуу болушу күтүлөт. Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

5-7-октябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынын тоо этектеринде айрым жерлерде -2…-4° үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүктүн жүрүшү жыйналбаган жашылча жемиштерге, казылып алынып жабылбаган картошка жана кант кызылчасы үчүн коркунучтуу.

Пикир

Оставить комментарий