• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ачык аянттарда кургак чөптөрдөн жана таштандылардан чыккан өрттөр көбөйүүдө - фото

Коом 0

Бишкек. 18.03.19 /Кабар/. Ачык аянттарда кургак чөптөрдөн жана таштандылардан чыккан өрттүн саны көбөйүүдө. Бул тууралуу ӨКМ Өрттү өчүрү жана алдын алуу башкармалыгынын башчысы майор Равшанбек Аширбеков билдирди.

Анын айтымында, 2019-жылдын 1-январынан тарта бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 225 өрт катталса, анын ичинен 106 өрт-ачык аянттардагы кургак чөп жана таштандылар өрттөнгөн. 2018-жылга салыштырмалуу ушул аралыкта ачык аянттар жана таштандылардан чыккан өрттүн саны 32 ни түзүп, 69,8% көбөйгөн.

Өрттүн себептери көбүнчө азыр жарандар тарабынан короо-жайларды жана эгин талааларды тазалоодо отко этиятсыздык мамиледен чыгууда, – деди Аширбеков.

ӨКМ жаз мезгилиндеги ачык аянттагы өрттүн чыгышынын алдын алуу үчүн төмөнкү өрт коопсуздук эрежелерин сактоону эскертет:

– тамекинин калдыктарын жана ширенкелерди таштабагыла;

– өрткө кооптуу учурда кароосуз от жакпагыла жана калдыктарды (таштандыларды) өрттөбөгүлө;

– токой, тоо шарттарында эс алуу учурунда өрт коопсуздук эрежелерин сактаңыз, тамекини таштабагыла, чокторду өчүрүп кетиңиздер;

– айнектин сыныктарын жана бөтөлкөлөрдү калтырбагыла, себеп дегенде күндүн нурлары менен чагылышып, өрттүн булагы болушу мүмкүн.

Өрт коопсуздугунун көрсөтүлгөн пункттарын сактоо менен сиз өзүнүздүн турак-жайынызды, мүлкүнүздү, жана адамдардын жаракат алуусун, каза болуусун алдын аласыз. Чукул кырдаал жаралса, 112 жана 101 номуруна чалыңыз, чалуу акысыз.

Пикир

Оставить комментарий