• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ӨКМ: Ак-Суу районунун тургунуна 2 бөлмөлүү мобилдик турак үй берилди

Аймак 0

Бишкек, 11.02.22. /Кабар/. Ак-Суу районунун тургунуна 2 бөлмөлүү мобилдик турак үй берилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 10-январында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Качыбек айылынын тургуну М.Барктабасовдун турак үйү толугу менен күйүп кеткен.

“Буга байланыштуу 9-февралда ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын Ак-Суу райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан убактылуу колдонууга 1 даана 2 бөлмөлүү мобилдик турак үй жайгаштырылып берилди”, - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий