• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ӨКМ: Ак-Тилек өткөрмө жайында кезекте тургандарга тамак-аш жеткирилди

Коом 0

Бишкек, 08.11.17. /Кабар/. Кечээ, 7-ноябрда Ак-Тилек өткөрмө жайында кезекте турган 130 адамга тамак-аш жеткирилди. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

“КРнын Президентинин тапшырмасына ылайык, 2017-жылдын 7-ноябрында КР ӨКМнин куткаруучулары Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ак-Тилек чек-ара постунда оор жүк ташуучу унаалары менен кезекте турган 130 адамга тамак-аш таратып беришти”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий