• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ӨКМ: Акпай көлүнүн кайрадан жээктен ашып кетүү коркунучу жок

Аймак 0

Бишкек, 04.08.21. /Кабар/. Акпай көлүнүн кайрадан жээктен ашып кетүү коркунучу жок. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Сокулук районундагы Төш-Булак айылынын тоо аймагында жайгашкан Акпай бийик тоолуу көлүнүн абалын жеринен аныктоо максатында Сокулук райондук №23 Өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн кызматкерлери жерине барып, көлдө болжол менен 1,5-2 миң куб суу калгандыгын жана көлдүн жарылып кетүү коркунучу жоктугун аныкташты.

Эскерте кетсек, Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун бийик тоо аймагында жайгашкан Акпай көлү жырылган.

Пикир

Оставить комментарий