• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

ӨКМ: Алайда дайынсыз жоголгон аялдын кийимдери суу жээгинен табылды

Кырсык 0

Бишкек, 14.01.22. /Кабар/. Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айылынын 71 жаштагы Ү.Б. аттуу тургуну 12-январь күнү үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Жергиликтүү тургундар өз алдынча издөө иштерин жүргүзүшкөн. Кемпирдин кийимдери Гүлчө суусунун жээгинен табылган.

“Милиция кызматкерлери издөө иштерине көмөк көрсөтүү үчүн жардам сурап кайрылышкан. 13-январь күнү издөө иштерине Алай райондук куткаруучу кызматынан беш адам, милициянын 10 кызматкери, жергиликтүү тургундардан 20 адам тартылып, саат 17:10до издөө иштери убактылуу токтотулду. Натыйжа болгон жок, 14-январда иш улантылат”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий