• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ӨКМ: Араванда “Ачык эшик күнү” өттү

Аймак 0

Бишкек, 13.03.19. /Кабар/. Ош облусунун Араван районундагы Имам Аль-Бухари медресесинин талабалары (студенттери) үчүн КР ӨКМнин Араван районундук бөлүмүндө өрт коопсуздугуна багытталган “ачык эшик” күнү болуп өттү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, иш-чаранын жүрүшүндө медресенин талабаларына ӨКМ адистери тарабынан өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, өрт өчүрүүчү шаймандарды колдонуу эрежелери иш жүзүндө көрсөтүлдү.

“Ачык эшик күнү” иш-чарасы катышуучуларга өрт өчүрүүчү шаймандарды жана автоунааларды жакындан тааныштыруу менен жыйынтыкталды.

Пикир

Оставить комментарий