• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

ӨКМ ата-энелерден балдары сууга түшкөндө көз салып туруусун суранат

Коом 0

Бишкек, 10.07.18. /Кабар/. Чүй облусунда сууга түшүүгө мүмкүн болгон 360 жер бар. Бул тууралуу "Кабар" маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Азиз Эгембердиев билдирди.

Анын айтымында, сууга түшүүгө мүмкүн болгон жайларга көлмөлөр, көлдөр жана каналдар кирет.

"Ысык-Ата районунун жашоочуларына электр энергиясы үчүн берилген эсеп-дүмүрчөктүн арткы бетинде коопсуз сууга түшүү эрежелери жайгаштырылган. Ошондой эле Чүй облусунун тургундарына өлүмдөрдүн санын азайтуу максатында сууга түшүү эрежелери менен брошюралар таратылууда", - деди ал.

А.Эгембердиев белгилегендей, сууга чөгүп каза болгондордун саны 2016-жылы көп болгон. Кийинки жылдары алардын саны азаюуда.

"Ата-энелер өздөрүнүн балдарына көз салып туруусу өтө маанилүү. Чоңдорду сууга түшүп жатканда спирт ичимдиктерин колдонбоого чакырам", - деди Эгембердиев.

ӨКМнын маалыматына ылайык, ушул жылдын жайкы сезонунун башынан бери 8 бала сууга чөгүп өлгөн.

Пикир

Оставить комментарий