• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

ӨКМ атайын эсебине 13,6 млн сом которулду

Коом 0

Бишкек, 31-май /Кабар/. Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын эсебине Ош облусундагы табигый кырсыктын кесепетинен жабыркаган жарандарга жардам көрсөтүү үчүн 13,6 млн сом которулду. Бул тууралуу бүгүн, 31-майда Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматов маалымдады.

Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдиргендей, 2017-жылдын 3-5-майында Ош облусунда 7 баллдык жер титирөө болуп өттү. Жер титирөөнүн кесепетинен Чоң-Алай районундагы 610 турак-жай ар кандай даражада кыйроого учураган. Алар авариялык абалда деп табылды. Мындан тышкары социалдык маанидеги 8 объекти кыйроого дуушар болгон. Материалдык чыгымдын суммасы 124 млн 840 миң сомду түздү.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин күчү менен табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу максатында зарыл болгон иш чаралар жүргүзүлүп, курулуш материалдары, тамак-аш продуктулары, жылуу кийим-кече түрүндө гуманитардык жардамдар жеткирилди », – деп маалымдады Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматов.

Ал Ош облусунун Чоң-Алай жана Өзгөн райондорунда орун алган табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте кечиктирилгис чаралар кабыл алынганын баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий