• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ӨКМ атайын эсебине 47 млн сом түштү

Коом 0

Бишкек, 14-июнь /Кабар/. Өзгөн жана Чоң-Алай райондорунда кырсыктан жапа чеккендерге ачылган эсепке, 13-июнь саат 17:00гө карата 23 млн 173 миң 058 сом түшкөн. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Ал эми жер көчкүдөн жабыркаган Өзгөн районундагы Аюу айылынын тургундарына жардам берүү үчүн ачылган эсепке 13-июнь саат 17:00гө карата 24 млн 360 миң 147 сом чогулган.

Эскерте кетсек, табият кырсыгынан жабыркагандарга жардам берүү максатына ӨКМ атайын эсеби ачылган.

Жардам берүүнү каалагандар үчүн:

Жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам берүүнү каалагандар төмөнкү дарекке каражат которо алат:

Кабыл алуучу: «ӨКМ 2017-жылдын 3-майында Чоң-Алай районунда болгон жер титирөөдөн жабыркаган тургундарга”.

Алуучунун эсеби: 4407012100009383

Алуучунун банкы: Каржы министрлигинин борбордук казынасы

БИК: 440001

Төлөө коду: 14411100 – ыктыярдуу трансферттер, башка гранттар

Дайындоо: дайындоону кененирээк көрсөтүү .

ИНН 00103200110150

Селден жабыркагандарга акча которууну каалагандарга:

Алуучу: «ӨКМ –Зергер айыл аймагындагы Аюу жана Өзгөн районуна караштуу Жалпак-Таш айыл аймагы»

Алуучунун эсеби: 4407012100009282

Алуучунун банкы: Каржы министрлигинин борбордык казынасы

БИК: 440001

Төлөө коду: 14411100 – ыктыярдуу трансферттер, башка гранттар

Дайындоо: дайындоону дайындоону кененирээк көрсөтүү .

ИНН 00103200110150

Суроолор боюнча: ӨКМ каржы, бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук башкармалыгына кайрылсаңыздар болот. Тел.: (0312) 54 79 01.

Пикир

Оставить комментарий