• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

ӨКМнын атайын эсебине «ACT Airlines» түрк авиакомпаниясынан 600 миң АКШ доллары каражат түштү

Өкмөт 0

Бишкек, 30-март /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жабыркагандарга жардам иретинде ачылган атайын эсебине «ACT Airlines» түрк авиакомпаниясынан 600 миң АКШ доллары (42 млн сомдой) каражат түштү. Бул тууралуу Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев, 2017-жылдын 16-январында Чүй облусунда кыйраган «Боинг-747» учагы таандык болгон «ACT Airlines» түрк компаниясынын өкүлдөрү менен болгон кезектеги жолугушууда билдиргенин Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады.

«Түрк авиакомпаниясы тарабынан которулган каражат, буга чейин Өкмөттүк комиссия тарабынан эсетелип берилген 195 млн сом жалпы чыгымдардын эсептелип берилген суммасынын бир бөлүгү болуп саналат. Каражаттын биринчи бөлүгүнүн атайын эсепке түшүшү, түрктөр тараптын тиешелүү төлөмдөрдү төлөп бере тургандыгынын далили катары эсептелет. Биз алардын аталган маселе боюнча тез арада бардык көйгөйлөрдү чечүүгө кызыкдар экенин көрүп турабыз», – деди Мухамметкалый Абулгазиев.

Ал түрктөр тарабынын суралган каражат толук түрдө эсепке түшкөндөн кийин, эки тараптан эсеп иштери такталган соң, жабыркагандарга төлөнүп берилерин белгиледи.

«Ошондой эле биз соттук териштирүүсүз эле эл аралык нормага ылайык компенсация алууну көздөп жатабыз. Эгерде жабыркагандардын туугандарын түрктөр тарабынан берилген сумма толук канаттандырса, анда маселе соттук териштирүүсүз чечилет», – деди Биринчи вице-премьер-министр. Ал эки тарап авиакырсыктан жабыркагандарга компенсация берүү маселесин соттук териштирүүлөргө жеткирбей өз ара чечүүнү сүйлөшкөнүн билдирди.

Жыйында тараптар каза болгондордун туугандарына жана денесинен ар кандай жаракат алган жарандарга компенсация төлөө, авиакырсыктан ар кандай чыгым тарткан жарандардын мүлкүн толуктап берүү маселелерин талкуулашты.

Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев маселени ыкчам арада чечүү боюнча эки тараптуу келишим болгонун билдирди. Эки тараптын бул багыттагы иштеринин жыйынтыгы тууралуу убагында кабарланып турат.

Жыйынга «Centil Law» камсыздандыруу компаниясынын өкүлдөрү Мухамметкалый Абулгазиев башында турган «Боинг-747» кырсыгынын себептерин аныктоо боюнча түзүлгөн Өкмөттүк комиссиянын мүчөлөрү катышты.

Пикир

Оставить комментарий