• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

ӨКМ: Бүгүнкү күндө коронавирус илдетине чалдыккан кызматкерлер жок

Коом 0

Бишкек, 01.05.20. /Кабар/. Бүгүнкү күндө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлеринин арасында коронавирус илдетине чалдыккандар жок. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалым болгондой, куткаруучулар обсервацияда убактылуу жайгашкан жарандарга шарттарды түзүп берүү, күнүгө 3 маал ысык тамак-аш берүүнү камсыздашса, өлкө аймагы боюнча коронавирус илдетинин жайылышына бөгөт коюу максатында дезинфекциялоо иштерине, ошондой эле санитардык-карантиндик жана блок-посттордо иш алып барууга, гуманитардык жардамдарды жерине жеткирүүгө өздүк курам тартылган.

Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров аталган иш-чарага тартылган өздүк курамдын жеке коопсуздугу да биринчи орунда экенин баса белгилеп өткөн. “Өзүбүздүн кызматкерлердин саламаттыгы биринчи орунда. Ар бир аймактагы жетекчилер, сиздер кол астыңардагы кызматкерлерге жеке жооп бересиздер”, - деген ал.

Коопсуздукту тиешелүү деңгээлде камсыздоо үчүн кыска мөөнөттө сатып алуулардын, ошондой эле эл аралык өнөктөштөр менен болгон сүйлөшүүлөрдүн негизинде кызматкерлер керектүү жеке коргоонучу каражаттар: 2862 даана коргоочу костюм, анын ичинен көп жолкусу -1320, Л1-1542, 347 даана плащ, 3447 даана беткап, 1190 даана колкап, 1712 даана көз айнек, 2132 даана резина өтүктөр, 300 комплект кол менен чачыраткыч менен камсыз болушкан.

“Күн сайын аталган иш-чараларга чыгып бара жаткан өздүк курамга, мисалы дезинфекция иштерине, алгач бөлүм башчы тараптан коопсуздук чараларын сактоо боюнча нускама өткөрүлөт. Обсервацияларда жана посттордо иш алып барып жаткан өздүк курам иш-чаранын жыйынтыгында, коронавирус инфекциясын өздөрүнүн үй-бүлөсүнө жана жакындарына жайылып кетпеши үчүн обсервацияга жаткырылып, тиешелүү медициналык көзөмөл жүргүзүлүүдө”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий