• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ӨКМ башчысы Ажикеев аппараттык жыйын өткөрүп, бир катар тапшырмаларды берди

Коом 0

Бишкек, 07.07.21. /Кабар/. Бүгүн, 7-июль күнү өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев орун басарларынын жана министрликтеги башкармалыктын, бөлүмдүн башчыларынын катышуусунда кезектеги аппараттык жыйын өткөрдү.

Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жыйындын жүрүшүндө бир катар маселелер көтөрүлүп, аларды чечүү үчүн министр тиешелүү жетекчилерге тапшырмаларды берди.

Жыйында ӨКМдин 30 жылдык мааракесинин алкагында уюштурулган иш-чаралардын жыйынтыгы чыгарылып, жалпысынан канааттандыраарлык деп бааланды. Кошумча учурдагы ысык аба ырайы боюнча калкка жеткиликтүү маалымат таратып, андан коргонуу коопсуздук чараларын күчөтүү тапшырмасы ӨКМдин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборуна жүктөлдү.

Ал эми министрдин орун басары Калыс Ахматов коронавируска каршы ӨКМдин жасап жаткан иштери тууралуу кеңири маалымат берди. Орун басардын маалыматынан кийин министр бул илдетке каршы туруу үчүн жалпы кызматкерлерди вакцина алууга чакырды.

"Ошондой эле мамлекеттик кызматкерлерди 30 пайызга кыскартуу боюнча ар бир жетекчиге сунуш киргизүүсүн тапшырып, Баткендеги чек ара жаңжалында жабыркаган үйлөрдүн курулушу боюнча маалымат менен таанышты", - деп кошумчалашты ӨКМдин басма сөз кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий