• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ӨКМ башчысы Ажикеев Дүйнөлүк банктын делегациясы менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 05.10.22. /Кабар/. Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдар министри (ӨКМ) Бообек Ажикеев Дүйнөлүк банктын операциялык маселелер ишмердүүлүгү боюнча башкаруучу директору Аксель Ван Троценбург башында турган делегация менен жолугушту. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин көп тармактуу аткарган ишмердүүлүгү жөнүндө жана андагы максаттуу коюлган келечектүү багыттары менен таанышты.

Өз кезегинде, министр Бообек Ажикеев дүйнөдөгү климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу табигый кырсыктардын саны өсүп жатканына токтолуп, анын ичинде Кыргызстанда жыл сайын 400гө жакын табигый мүнөздөгү кырсыктар орун аларын баса белгиледи.

Ал өлкөдө сел, суу ташкындары жана жер көчкү жүрүү кооптуулугу жогору турган аймактардын бар болгондугу актуалдуу көйгөй экендигин жана жыл сайын мындай табигый кырсыктардын кесепетинен адам өмүрү кыйылып, ага катар эле ири материалдык чыгымдарга дуушар болуп жаткандыгына токтолду.

Дүйнөлүк банктын өкүлү Аксель Ван Троценбург министрдин сөзүн кубаттоо менен климатка байланышкан табигый кырсыктар планеталык масштабдагы, дүйнө коомчулугун ойлондурган глобалдуу көйгөй экендигин айтып жана бул багыттагы аракет бүтүндөй коомчулукту өз кучагына алуу керектигине токтолуп өттү. Ал ошондой эле кырсыктардын алдын алууда жана кесепеттерин жоюуда техникалык потенциалдын ири көлөмдөгү күч каражаттары керектелерин, табигый кырсыктарга карата туруктуулукту ар тараптуу өнүктүрүү зарыл экендигин билдирди.

Тараптар ошондой эле мүмкүн болушунча калкты жана аймактарды табигый кырсыктардан коргоодо биргелешкен аракеттерди жүргүзүү жөнүндө маселелерди талкууга алып, бул эң биринчиден кооптуу аймактарга мониторинг жүргүзүү менен кырсыктын алдын алып, табият кубулуштарына көзөмөл кылуунун эң натыйжалуу ыкмалары менен тажрыйба алмашуу жагы да каралды.

Пикир

Оставить комментарий