• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ӨКМ башчысы К.Боронов жер көчкү түшкөн Ничке-Сай айылына жөнөп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 26-март /Кабар/. КРнын Президенти Алмазбек Атамбаевдин тапшырмасы боюнча жер көчкү түшкөн жердеги издөө-куткаруу иштерин координациялоо үчүн Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов окуя болгон жерге жөнөп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, Өзгөн районунун зергер айыл аймагындагы Ничке-Сай айылынын Топ-Жаңгак участкасына жер көчкү түшүп, бир үйдү басып калган.

Үйдө 6 адам болгон: кожоюну, жубайы жана 4 баласы.

Окуя болгон жерде ӨКМнын Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Дайыр Каримов башында турган ӨКМнын ыкчам тобу, куткаруучулар, өзгөчө кырдаалдарды мониторингдөө, болжолдоо департаментинин, ӨКМнын кризистик кырдаалдарды башкаруу борборунун адистери иш алып барууда.

Пикир

Оставить комментарий