• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ӨКМ башчысы Каракол дарыясынын жээгиндеги коркунуч жараткан участокторду кыдырды

Аймак 0

Бишкек, 22.05.20. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Каракол дарыясынын жээгиндеги коркунуч жараткан участокторду кыдырды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анда Каракол шаарында узундугу 330 метр болгон жээкти коргоо маселеси каралды. Жумуштун натыйжасында 20 турак үйдүн имараты, Бөрү-Баш унаа жолу, сүт заводу, жогорку чыңалуудагы электр чубалгылары жана курулуштар сакталаары айтылды.

Андан соң министр Каракол шаарындагы Бөрү-Баш айылына барып, дарыянын жээги суу көп келген мезгилде желип, айылдагы айрым турак үйлөрдү жана социалдык объектилерди суу каптап кетүү коркунучу болгондуктан, узундугу 450 метрге жакын жээкти бекемдөө иштерин аткаруу маселеси талкууланды. Жумуштар аткарылса, 35 турак үй, бакчалар жана жайыт участоктору корголот.

Замирбек Аскаров аталган кооптуу участкаларда коргоо иштерин 2021-жылдын иш мерчемине киргизүүнү тиешелүү башкармалыктардын башчыларына тапшырма берип, ал эми жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан табигый кырсыктардын кесепеттерин азайтуу үчүн капиталдык коргоо иштерин жүргүзүүгө долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгууну жана жумуштар башталганга чейин убактылуу алдын алуу чараларын көрүүнү тапшырды.

Каракол дарыясы түштүктөн түндүккө агып, Бөрү-Баш айылынан өтүп, көлгө куят. Каракол дарыясынын жалпы узундугу 45 км, өткөрүмдүүлүгү 40 куб метр, ал секундасына 1,0-3,5 метр ылдамдык менен агат. Жай мезгилинде мөңгүлөрдүн эришинен улам суунун деңгээли көтөрүлүп, жээктер эрозияга дуушар болот. 2015-жылы 37 турак үйдү жана 30 гектар жайытты суу каптап кетүү коркунучу пайда болгон.

Эскерте кетсек, министрдин иш сапарынын негизги максаты - региондогу кооптуу делген объекттерди кыдырып, табигый кырсыктардын алдын алуу багытында тиешелүү маселелерди жеринен чечүү жана жергиликтүү калк менен жолугушуу болуп саналат.

Жумушчу сапарга министрликтин тиешелүү башкармалыктарынын башчылары жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү катышууда. Министрдин иш сапары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий