• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ӨКМ башчысы Казакстан гумжардам катары берген 10 миң тонна унду буудайга алмаштырууну сунуштады

Коом 0

Бишкек, 28.06.21. /Кабар/. Азык-түлүк тартыштыгын алдын алуубуз керек. Мындай пикирин Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев айтканын ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылы 24-июнда өткөн министрлер кабинетинин жыйынында ӨКМ башчысы Б.Ажикеев өлкөдөгү азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, тамаш-аш тартыштыгынын алдын алуу үчүн Казакстан гуманитардык жардам катары берген 10 миң тонна унду буудайга алмаштырууну сунуштады.

Министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Марипов Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин сунушу боюнча атайын механизм иштеп чыгууну тиешелүү тараптарга тапшырды.

Эскерте кетсек, быйыл өкмөт дыйкандардан 150 тонна дан азыктарын сатып алууну пландаган. Бирок, сугат суунун тартыштыгынан улам түшүмдүн көрсөткүчү начарлап, пландалган дан азыктары чогулбай калуу коркунучу жаралууда.

Пикир

Оставить комментарий