• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

ӨКМ башчысы Пакистан элчилигинин миссия жетекчисинин орун басары менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 17.09.21. /Кабар/. Кечээ, 16-сентябрда КР өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Пакистандын Кыргызстандагы элчилигинин миссия жетекчисинин орун басары Тарик Али менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууда тараптар табигый кырсыктардын коркунучун азайтуу жаатында кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Пакистандын Кыргызстандагы элчилигинин миссия жетекчисинин орун басары Тарик Али бул жолугушуу эки тараптуу мамилелерди жаңы тепкичке көтөрө турганына токтолуп, мындан ары да кызматташууга даяр экендигин белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар табигый кырсык тобокелдигин азайтуу жаатында мындан ары эки тараптуу кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев өз кезегинде элчинин орун басарына ыраазычылык билдирип, мамилелердин мындан ары да жакшырышына кызыкдар экенин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий