• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

ӨКМ башчысы узак жылдар бою кайсы маселелер чечилбей келгенин айтып берди

Коом 0

Бишкек, 16.02.18. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги көптөгөн жылдардан бери үч негизги маселени чече албай келерин ведомство башчысы Кубатбек Боронов министрликтин коллегиясында айтып берди.

Ал булар – жээк бекемдөө иштерин жүргүзүү, жер алдындагы суулардын деңгээлинин жогорулашы, ошондой эле өзгөчө кырдаалдарга алдын ала жана сапаттуу мониторинг жүргүзүү экенин түшүндүрдү.

“Биринчи маселе боюнча биз ар бир жолу өкмөткө түшүндүрүп жатабыз, бирок министрлер кабинети алмашып, бардыгын кайрадан түшүндүрүүгө туура келүүдө. Экинчи маселе боюнча дагы ушундай эле жагдай”,- деди министр.

Үчүнчү көйгөй боюнча ал отургандарга нааразычылык билдирип, бул маселени алардын күчү менен чечүүгө болорун айтты. Ведомство башчысы аларга гидрология, сейсмология, метеорология институттары менен тыгыз иш алып барууну, зарыл болгон шартта аларга ишти жакшыртууда өз ыкмаларын колдонууну тапшырды.

Коллегиянын катышуучулары бул институттарда учурда адистердин жетишсиздиги курч сезилип турарын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий