• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ӨКМ башчысы Жалал-Абад облусундагы кооптуу аймактарды кыдырып чыкты

Аймак 0

Бишкек, 28.11.18. /Кабар/. 2018-жылдын 27-ноябрында КР Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы кооптуу аймактарды кыдырып, ал жакта жашаган элдер менен жолуккан.

ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, министр өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу багытында аткарылып жаткан жумуштарга жеринен көзөмөл жүргүздү.

"Алгач министр Нурболот Мирзахмедов Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагынын Алчалуу, Ак-Терек, Ак-Булак айылындагы кооптуу аймактарда болуп, ал жакта жашап жаткан тургундар менен жолугушту. Кооптуу аймакта жашап жаткан жергиликтүү калк менен жолугушуунун жүрүшүндө министр маселени чечүү үстүндө тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте аткарылып жаткан иш-аракеттер тууралуу маалымат берип, ошону менен бирге ӨКМден берилген эскертмелерге өзгөчө көңүл бурууну басым кылды", - деп айтылат маалыматта.

“Кооптуу аймактан көчүрүү маселесин жапа тырмак аткарыбышыбыз керек, биринчиден бул сиздердин коопсуздугуңуз, ал эми мамлекет жана тиешелүү маморгандар тарабынан иш жүрүүдө. Кооптуу аймакта жашаган элдердин өмүрүн сактоо, кырсыкка жол бербөө биздин негизги милдет, бирок ал максатка жетиш үчүн сиздерден да жардам керек. Министрлик тараптан берилген эскертмелерди убагында ишке ашырсаңыздар, табигый кырсыктан коргоно алабыз. Мамлекеттин байлыгы бул - эл, ар бир жарандын өмүрү мамлекет учун баалангыс байлык болуп саналат”, - деди министр Н.Мирзахмедов жергиликтүү тургундар менен болгон жолугушуусунда.

Сузак району боюнча 963 үй-бүлө жер көчкү тилкелеринде жашап жатса, анын ичинен 627 үй-бүлөгө мамлекет тарабынан жардам жана жер тилкелери берилген, бирок көчүшкөн эмес, ал эми 336 үй-бүлөгө жер тилкелерин ала элек.

Андан ары министр Көк-Арт дарыясынын жээгине курула турган тосмону (Кызыл-Сеңгир айылы, Кызыл-Туу айыл аймагы), дарыянын жээгине курулуп жаткан №7 тосмонун (Ленин айыл аймаынын Жыгач-Коргон айылы) курулушун жана №10 дамбаны (Таш-Булак айыл аймагынын Арал участкасы) калыбына келтирүү иштерин жеринен текшерди.

Пикир

Оставить комментарий