• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

ӨКМ башчысы жер көчкү түшкөн Көк-Арт дарыясына барды (сүрөт)

Кырсык 0

Бишкек, 30.04.18. /Кабар/. Жер көчкү түшкөн Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Көк-Арт дарыясынын абалы менен таанышуу үчүн жерине Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов жетектеген ыкчам топ барган.

ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Көк-Арт дарыясынын сол жээгине болжол менен 1,5 млн. м3 жер көчкүсү түшкөн

“Абалга байланыштуу КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн – Жарандык коргонуу башчысынын буйругунун негизинде Сузак районунун жана Жалал-Абад шаарынын аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Алдын ала алынган маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор жок”,-деп айтылат маалыматта.

Билдирүүгө ылайык, Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тактоо иштери жүргүзүлгөн.

“Азыркы учурда топтолгон суу түшкөн жер көчкүнү жиреп, акырындык өз нугу менен агууда. Жеринде абалды көзөмөлдөп турууга КР ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы жана КР ӨКМнин алдындагы ККББ тарабынан нөөмөт уюштурулган”,-деп кабарлашты ӨКМден.

Эске сала кетсек, кечээ, 29-апрелде болжол менен саат 09:30 чамасында Сары-Булак айылындагы Көк-Арт дарыясынын сол жээгине жери көчүп, сууну жаап калган.

Жер көчкүнүн көлөмү 1,5 млн. м3 түзгөн. Анын узундугу 320 метр, туурасы 25 метр, бийиктиги 6 метр (көлөмү 48 000м3) түзөт.

Пикир

Оставить комментарий