• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ӨКМ башчысынын орун басары Аксы районунун сел жүргөн аймактарына барды

Аймак 0

Бишкек, 21.06.21. /Кабар/. 2021-жылдын 13-июль күнү өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Акылбек Мазарипов Жалал-Абад облусунун Аксы районуна иш сапары менен барды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Министрдин орун басары иш сапарынын жүрүшүндө Аксы районунун Ак-Жол айыл аймагынын Жолбосту айылындагы үстүнкү бөлүгүн сел суулары алып кеткен 3 даана ички чарбалык автокөпүрөлөрдү калыбына келтирүү жана толугу менен агызып кеткен 1 ички чарбалык көпүрөнү кайра куруу боюнча маселени карады.

Ошондой эле Аксы районунун Ак-Жол айыл аймагынын сел суулар жууп кеткен Райкомол айылындагы 40 кожолук пайдалануучу ички жолдун 700 метр, Лесхоз участкасындагы 21 кожолук пайдалануучу ички жолдун 300 метр жана Тегене айылындагы 19 кожолук пайдалануучу ички жолдун 600 метр аралыктарын механикалык жол менен тез арада калыбына келтирүү иштери, ошону менен бирге Жолборсту айылындагы айыл тургундарына убактылуу айланма жолдорду куруу маселеси каралды.

Аксы районунун Жаңы-Жол айыл аймагынын Таштак айылындагы Карагер көчөсү менен Садырмат көчөсүн байланыштырып турган ички чарбалык көпүрөнүн негизинин жана канаттарынын түбүн сел суусу жеп кеткен, көпүрөгө кийинки сел сууларынан кооптуулук жаралган маселени карап чыгып, тиешелүү чечимдери кабыл алды.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын 12-июлунда саат 18:00дөр чамасында Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жааган жамгырдан кесепетинен сел жүргөн. Сел суулары жалпы 8 адамды агызган. Жети адамдын сөөгү табылды. Учурда сел агызып кеткен 5 жашар баланы издөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий