• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ӨКМ: Баткенде айдоочу жол четиндеги бетонду сүзүп каза болду, жабыркагандар бар

Кырсык 0

Бишкек, 10.06.20. /Кабар/. Баткен шаарында айдоочу жол четиндеги бетонду сүзүп каза болду, жабыркагандар бар. Бул тууралуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 10-июнда түнкү саат 02:38дер чамасында Баткен шаарындагы Нургазыев жана Садыков көчөлөрүнүн кесилишинде “ВАЗ-2107” үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу рулду башкара албай, жол четиндеги бетон тосмону сүзгөн.

Кырсыктын кесепетинен 1982-жылы туулган эркек киши каза болуп, 1983-жылы туулган аял жабыркаган.

Жерине куткаруучулары тартылып, маркумдун кыпчылып калган сөөгүн унаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен, ал эми жабыркаган аялды тез жардам кызматы ооруканага алып кеткен.

Пикир

Оставить комментарий