• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ӨКМ: Баткенде селдин кесепеттери тазаланып жатат

Аймак 0

Бишкек, 29.07.20. /Кабар/. Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунда селдин кесепеттери тазаланып жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Эскерте кетсек, 26-июль күнү саат 19:30 чамасында Баткен облусунун Кадамжай районундагы Орозбеков айыл аймагынын Өндүрүш, Кош-Дөбө жана Күлдү айылдарында сел жүрүп, алты көпүрөнү жараксыз абалга келтирип, ички чарбалык унаа жолдорду кум аралаш шагылга толуп калган.

ӨКМдин билдирүүсүнө караганда, табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу үчүн бүгүн жерине атайын беш техника жана жергиликтүү тургундардан 25 адам тартылган.

Пикир

Оставить комментарий