• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ӨКМ: Баткенде тез татым жайында өрт чыкты

Кырсык 0

Бишкек, 30.01.22. /Кабар/. Бүгүн түшкү саат 13:01де Кызыл-Кыя шаарында жайгашкан “Оазис” тез татым жайында өрт чыккандыгы маалымдалган.

КР ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришкендей, жерине бир бөлүм тартылып, саат 13:31де өрт толугу менен өчүрүлгөн. Алдын ала маалыматка караганда, жабыркагандар жок.

"Өрттүн аянты 13 чарчы метрди түзгөн. Өрт электр тогунун кыска туташуусунан үлам келип чыккан", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий