• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

ӨКМ: Базар-Коргондогу базарда машыгуу өткөрүлдү

Коом 0

Бишкек, 08.04.19. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облусттук башкармалыгы тарабынан Базар-Коргон районунун борборундагы “Жаркынай” базарында өрт-тактикалык машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин Жалал-Абад облусттук башкармалыгынын башчысы Абдулнасир Закиров билдирди.

Анын айтымында, базар ичиндеги атайын өрт өчүрүүчү автоунаалар жүрүүчү жолдун абалы текшерилип, өрт өчүрүүчү-куткаруучулар тарабынан базардагы өрт кырсыгын жоюу боюнча иш-аракеттерди көрүлдү.

Мындан тышкары, соода-жай ээлерине, ижарачыларга жана базар кызматкерлерине базардагы өрт коопсуздук чаралары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий