• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ӨКМ: Беш-Күңгөй айылындагы дачадан өрт чыкты

Кырсык 0

Бишкек, 21.04.21. /Кабар/. Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районундагы Беш-Күңгөй айылында жайгашкан дачадан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кырсык күн мурун, 20-апрелде катталган. Тилсиз жоодон жалпы аянты 50 чарчы метр турак үй толук, №2 тилкесинде 15 чарчы метр жыгач үй толук, №3 тилкеде жыгач устундуу тунике жабылган турак үйдүн 45 чарчы метр чатыры жана 2 миң 300 чарчы метр куураган чөп, камыш күйгөн.

Өрттү өчүрүүгө 3 өрт өчүрүүчү бөлүм тартылган.

Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.

Пикир

Оставить комментарий