• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

ӨКМ: Бийик тоо арасындагы Акпай көлү жырылды

Аймак 0

Бишкек, 02.08.21. /Кабар/. Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун бийик тоо аймагында жайгашкан Акпай көлү жырылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Чүй облусу боюнча башкарлыгынын башчысы А.Эгембердиев билдирди.

Анын маалыматына караганда, Сокулук районунда жайгашкан Акпай коктусунан тоо көлүнүн жарылуусунан сел жүрүп, Сокулук-Төш-Булак-Шаркыратма жолунун 37-чакырымында 400 метр жолду жаап калган.

Сел аккан тараптагы жайлоодон ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын Сокулук райондук бөлүмү алдын алуу иштеринин жыйынтыгында 8 малчынын үй-бүлөлөрү көчүрүлгөн.

Сокулук-Шаркырытма унаа жолу жабылды. Сокулук суусунун нугунда суунун көлөмү болжол менен 20 куб суу агууда. Сууну көзөмөлдөө уланууда жана күч каражаттары даярдыкта турат.

Куткаруучулар атайын куткаруу унаасы менен калкка кабарлоо жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Суунун жээгиндеги жашоочулар учурга жараша үйлөрүнөн алыс коопсуз жайларга чыгышууда, бирок көчүрүлгөн жок. Жарандык коргонуунун күч каражаттары ӨКМдин Чүй облусунун куткаруучулары иш алып барууга даярдыкта турат.

Учурда куткаруучулар тарабынан бийик тоодо жайгашкан көлмөнүн абалын көзөмөлдөө үчүн Акпай бийик тоолуу көлүнө чыгып кетишти.

Пикир

Оставить комментарий