• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ӨКМ: Бир ай мурда Чычкан суусуна түшүп кеткен аялдын сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 04.09.21. /Кабар/. Бир ай мурда Чычкан суусуна түшүп кеткен аялдын сөөгү табылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, 102 кызматынан Токтогул районундагы Бишкек-Ош унаа жолунун 260-чакырымында (Эликти тилкеси) Чычкан суусунда аял кишинин сөөгү жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине 5 куткаруучу тартылып, маркумдун жансыз денесин суудан чыгарып туугандарына өткөрүп беришкен.

Эскерте кетсек, жогоруда аталган В.Д. аттуу аял 2021-жылдын 1-август күнү Бишкек-Ош унаа жолунун 255-чакырымында (Мраморный тилкеси) Чычкан суусуна агып кеткен. Издөө иштери 20-августка чейин жүргүзүлүп суу тартылганга чейин убактылуу токтотулган.

Пикир

Оставить комментарий