• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ӨКМ: Бир айдын ичинде "112" номерине 140 миңге жакын чалуу түштү

Коом 0

Бишкек, 23.10.20. /Кабар/. 2020-жылдын 1-октябрынан тарта "112" Бирдиктүү мамлекеттик нөөмөт диспетчердик кызматына 133 миң 583 чалуу келип түшкөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 3 693ү максаттуу чалуулар болсо, 82 миң 434ү максатсыз болгон. Диспетчерлер тарабынан 2 487 жаранга ар түрдүү кеңештер берилген. Коронавируска байланыштуу чалуулар 354.

Ал эми Куткаруу кызматына келген чакыруулардын саны 27и түзгөн. Максаттуу чалуулар – бул ар кандай жардамдарды сурап кайрылгандар, кеңеш сурагандар. Бир максаттуу чалууга бир нече кызмат тартылышы мүмкүн.

"Жарандар "112" кызматына байланышып, бирдиктүү кызматтарды пайдаланып келишет. Диспетчерлер ар бир чакырууну тийиштүү оперативдүү чара көрүү кызматтарына жиберип, окуянын жүрүшүн жана жабыр тартуучуга жардам болгон чараларды көзөмөлдөйт", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий