• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ӨКМ: Бир суткада 13 миң чарчы метр имараттар дезинфекцияланды

Коом 0

Бишкек, 10.09.20. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги коронавирус илдетинин жайылышына бөгөт коюу максатында өлкө боюнча дезинфекциялоо иштери улантылып жаткандыгын билдирет.

Алсак, 2020-жылдын 9-сентябрь күнү өлкө боюнча 13 миң чарчы метр имараттар дезинфекцияланган. Министрлик тарабынан жалпы 179 адамга ысык тамак-аш берилген. Ал эми "112" кызматына өткөн сутка ичинде жалпы 5 миң 355 чалуу болсо, анын ичинен 10 чалуу коронавируска байланыштуу болгон.

Дезинфекциялоо жумуштарын аткаруу, госпиталда жайгашкан жарандарга ыңгайлуу шарт түзүүгө министрлик тарабынан 8 кызматкер жана бир унаа тартылган.

Пикир

Оставить комментарий