• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ӨКМ: Бир суткада эки адамдын сөөгү суудан табылды

Кырсык 0

Бишкек, 05.08.20. /Кабар/. Бир суткада эки адамдын сөөгү суудан табылды, - деп кабарлайт Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, Бишкек-Ош унаа жолунун 312-чакырымында (Шопок айылы) Нарын дарыясынын жээгинде эркек кишинин сөөгү жаткандыгы тууралуу маалымат 102 кызматына түшкөн. Жерине 4 куткаруучу барып, маркумдун сөөгү суудан чыгарып, ИИМнин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Ошондой эле 102 кызматына Ысык-Көл облусуна караштуу Каракол шаарынын Султанов көчөсүндөгү Таш-Кыя каналынын жээгинде аял сөөгү жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Куткаруучулар жерине барып, маркумдун сөөгүн милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий