• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ӨКМ: Бишкек — Ош унаа жолу ачык

Коом 0

Бишкек, 05.04.21. /Кабар/. 5-апрель, саат 11:00гө карата Бишкек — Ош унаа жолу ачык. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдрет.

ӨКМдин билдирүүсүнө таянсак, кечээ кечки саат 19:00дөн тартып Токтогул районунун "Арал" постунда күйүүчү май ташыган оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилген.

"Киргизилген чектөө бүгүн саат 11:10до алынды. Ал эми Суусамыр — Талас — Тараз унаа жолунун Талды-Булак айылындагы постко убактылуу киргизилген чектөө алына элек", - деп кошумчалашты министрликтен.

Пикир

Оставить комментарий