• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ӨКМ Бишкек-Ош унаа жолундагы кышка даярдыкты текшерип чыкты

Коом 0


Бишкек, 30.10.20. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан түзүлгөн атайын комиссия Бишкек-Ош стратегиялык маанидеги унаа жолундагы ашууларды тейлеген Жарандык коргонуу кызматтарынын кышка даярдыгын карап чыкты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чаранын жүрүшүндө Чүй облусунун “Сосновка” постунан Токтогул районунун “Арал” постуна чейин ашууларды тейлеген мамлекеттик кызматтардын тейлөөсү боюнча кышка даярдыгын, атайын техникалардын даярдыгы жана жолго чачуучу инерттик материалдардын көрөңгөсү каралды.

Көйгөйлүү маселелердин бири болуп, жол тазалоочу атайын техникалардын жетишсиздиги, жолго кум чачуулар колго жүргүзүлүп жаткандыгы, атайын кум чачуучу техниканын жоктугу болуп саналат.

Жол тыгындын дагы бир себеби - оор жүк ташуучу автоунаалардын техникалык жактан керектүү талаптарга жооп бербегендиги, убагында текшерилбей жаткандыгы жана жеңил унаалардын кышка даярдыгы жоктугу.

Мындан тышкары комиссия кыш мезгилинде кандайдыр бир кырдаалга байланыштуу унаа жол жабылып калган учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан коюлган тамак-аш берилүүчү жана жылытуу пунктардын даярдыгын көрдү.

Иш-чаранын жыйынтыгында тиешелүү министрлик, ведомстволорго кемчиликтерди жоюу боюнча сунуштар берилди.

Пикир

Оставить комментарий